Санкт-Петербург шаарындагы 19-июнда болгон жолугууда Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик башчылары кыргыз-орус кызматташуусунун соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда орус президенти Владимир Путин: “Биздин саясий мамилелерибиз жана интеграциялык процесстер гана өнүкпөстөн, Орусия Кыргызстандын соода-экономикалык негизги өнөктөшү болуп калууда”, - деп билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда мамилелер бекемделерин айтты.
Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстандын территориясында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жана макулдашуулардын аткарылышын талдап, аларды өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгилешти.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугуп, Кыргызстандын энергетикалык секторуна салына турган инвестициялар, газ тармагын өнүктүрүү жана ири шаар, облус-райондордо дене тарбия-дарылоо комплекстерин куруу планын талкуулады. (AzK)