Кыргызстанда 21-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 15...20, 27...32;
Талас өрөөнүндө 12...17, 26...31;
Ош, Жалал-Абад аймактарында 18...23, 28...33;
Баткен облусунда 15...20, 28...33;
Ысык-Көл облусунда 11...16,19...24;
Нарын облусунда 9...14, 20...25.
Бишкекте 21-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус, күндүз 30...32 градус болот.(AzK)