Тизмени Дүйнөлүк экономикалык форум Дүйнөлүк банктын “Глобалдык экономикалык перспективалар” аттуу докладындагы маалыматтарга таянып түзгөн. Рейтингде 13 мамлекет каралган. Анда Түркмөнстан экономикалык орточо жылдык өсүүсү 9,07 пайыз көрсөткүч менен экинчи орунду ээледи. Материалда коррупцияга чырмалган түркмөн экономикасы эки негизги тармакка – пахта жана газга негизделгени жазылган. Газдын запасы боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунда турган мурдагы советтик бул өлкө жакында газын Кытайга экспорттой баштады жана келечекте аны Европага дагы сатуу планы бар. Бирок алдыга жылууга коррупция, начар билим берүү системасы жана рыноктук реформаларды кабыл алгысы келбегендиги тоскоолдук кылары белгиленет.
Өзбекстан аталган рейтингде 5-орунду ээлеп, акырындап заманбап рынок экономикасына өтүп бара жаткандыгы көрсөтүлгөн. Анын орточо жылдык экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү 7,87 пайызга барабар.
Тизменин лидери Эфиопия. Ал эми Кытай тизмеде экономикалык өсүү көрсөткүчү 7,10 пайызды түзүп, акыркы орунду ээлеген.
Баяндамада экономиканын тез өсүүсү дайыма эле өлкөдөгү чыныгы экономикалык абалды чагылдыра бербестиги айтылат. Анткени бул жерде киши башына эсептелчү орточо киреше, ички дүң өнүм, саясий стабилдүүлүк, коррупциянын деңгээли жана социалдык теңчилик факторлору дагы маанилүү ролду ойнойт. (AzK)