Полициянын маалыматында, Индиянын Мумбай шаарындагы жакырлар жашаган аймакта 94 киши жасалма спирт ичимдигинен ууланып каза болду, дагы 45 киши ооруканага жаткырылды. Шаардын полиция башкармалыгынын жетекчи орун басары Дханаджай Куркарни каза болгондордун саны мындан дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирүүдө. Окуяга байланыштуу үй шартында жасалган спирт ичимдигин ташып иштеген 5 киши камалды. Мындан тышкары полициянын 8 кызматкери шалаакылыгы үчүн жумуштан алынды.
Уулануу тууралуу маалымат 18-июнда пайда болгон. Анда бир нече тургун сапатсыз ичимдикти пайдаланган соң өздөрүн жаман сезе баштаганын билдиришкен. (AzK)