Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

"Орозодо 30 күн" берүүсүнө каршы акция өтөт


Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн КТРК менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында акция өткөрүп, "Орозодо 30 күн" телеберүүсүнө каршылыгын билдиргени жатат. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" кабарлап, Конституцияда светтик өлкө деп жазылган Кыргызстандын мамлекеттик телеканалында отуз күн бою мындай мазмундагы көрсөтүүнүн орун алынышы туура эмес деп эсептерин айтты:

- Биз ислам өлкөсү эмеспиз. КТРКнын Байкоочу кеңеши буга эмне үчүн көңүл бурбайт?, - деди Токтонасыров.

17-июнда "Орозодо 30 күн" көрсөтүүсүнүн алгачкы эфирине өзү катышкан КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков "азыркы учурда ислам динине берилгендер көп болууда, муну көрбөй коюу мүмкүн эмес, чыныгы дин тууралуу маалымат жетишсиз болууда" деген пикирин айткан болчу.

18-июнда мусулмандардын Орозо айы башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG