Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:25

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы талкууланат


Москвада Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү талкууланат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты. 25-июнда Москвада Евразия экономикалык комиссиясы уюштуруп жаткан жыйынга кыргыз диаспораларынын жетекчилери, ишкерлер катышат. Анда Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан Кыргызстандын эмгек миграция жана ишкердик маселелери талкууланат.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу документтерге буга чейин Астана жана Москва шаарларында өткөн саммиттерде кол коюлган. Биримдикке кошулуу жараяны уланууда. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG