Шашылыш билдирүү:
24 -27-июнда нөшөр жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Аба ырайы:
23-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, күндүз Нарын облусунда жаан-чачын көпчүлүк аймактарда. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,
Бишкекте жаан-чачын болбойт, күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.