Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:46

Пентагондун башчысы Европа сапарын баштады


Германия -- АКШ коргоо министри Эштон Картер Берлинде. 22-июнь, 2015
Германия -- АКШ коргоо министри Эштон Картер Берлинде. 22-июнь, 2015

Пентагондун башчысы Эштон Картердин бүгүн башталган Европа сапарындагы негизги көңүл НАТОго мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын чыңдоо маселелерине бурулмакчы. Сапар Орусиянын Украинага байланыштуу аракеттерине тынчсыздануулар күчөгөн учурга туш келди.

Картер бүгүн Берлинде Германия, Нидерланды жана Норвегиянын коргоо министрлери менен кездешип, шейшембиде Таллинде Эстония, Латвия жана Литванын башкы аскерий мекемелеринин жетекчилери менен жолугушат. Бул үч өлкө жакында орус агрессиясы күчөшүнөн улам НАТО күчтөрүн өз аймактарында такай жайгаштырууну суранган.

Пентагон бул сапарында Түндүк атлантикалык союздун коргоо министрлеринин Брюсследе өтчү саммитине катышууну да көздөөдө. Анын Европа сапары 26-июнда Бавариядагы аскер базасына баруу менен жыйынтыкталат.

Москва болсо Батыш өлкөлөрү менен Киевдин Украина чыгышындагы жикчилдерди колдойт деген айыптоосун четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG