Бүгүн Чүйдүн Ново-Покровка айылында Кыргызстан менен Орусиянын чек арачыларынын эскерүү жолугушуусу өттү. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, акция 22-июнь, Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата уюштурулган.
Согуш майданынан кайтпай калгандардын эстелигине гүл коюлуп, ардагер Леонид Сумароковдун “Бир тагдыр – бир жол” жана “Алдыда жүрүү укугу” эскерүү китептеринин бет ачары өттү. Китептердин бир нече нускасы аскерлердин китепканасына тапшырылды. (RK)