Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Кумтөрдөгү окуяны биргелешкен комиссия териштирүүдө


Кумтөр алтын кениндеги окуяны атайын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу "Кумтөр оперейтинг" компаниясынан кабарлашты. Анын курамына администрация менен кесиптик кошуун өкүлдөрү кирди.

Кечээ, 21-июнда ишканада жумушчулар менен жолугушуу учурунда компаниянын өндүрүш боюнча вице-президенти Фил Уэлтен менен уруш чыкканын кесиптик кошуун өкүлдөрү айтууда. Алардын белгилешинче, Уэлтен орой мамиле кылганы жумушчулардын нааразылыгын жаратты.

Компаниянын маалымдашынча, Фил Уэлтен кен иштетилип жаткан жерден убактылуу чыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG