Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Өкмөттүн "Суу кодекси" боюнча сунушу парламенттик комитетте талкууланды


Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин кезектеги жыйынында «Суу кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Депутаттар Кумтөр кенин иштетүүгө уруксат берилген Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнүн аттарын конкреттүү түрдө жазыш керек экенин, антпей жалпылап жазылса калган Бордо, Сары-Төр мөңгүлөрүн башка жакка милдеттүү көчүрүүгө уруксат бергендей чечмеленип кетиши мүмкүндүгүн эскертишти.

Өкмөт мүчөлөрү мыйзамга конкреттүү аталыштарды кошуп жазууга каршы чыгып, Лысый, Давыдов мөгүлөрүнөн башка объекттер кен иштетүүчү жерлерден 500 метр алыстыгын, алар жылдырылбай тургандыгын айтышты.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорун 2-3-окууларда жактыруу чечими кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG