Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Германия "ал-Жазиранын" журналистин камактан бошотту

Журналист Ахмед Мансур
Журналист Ахмед Мансур

Ишемби күнү Берлин аэропортунда Египеттин өтүнүчү менен кармалган "ал-Жазира" телеканалынын журналисти Ахмед Мансур дүйшөмбүдө бошотулду. Бул тууралуу Берлиндин федералдык прокуратурасы кабарлады. Журналист ишемби күнү Берлиндеги Тегель аэропортунан Катарга учуп кетмекчи болгон.

Жекшембиде "ал-Жазиранын" жетекчилиги Германиянын бийлигин Ахмед Мансурду токтоосуз бошотууга чакырып, эч бир өлкө Египеттин ММКларды кысмакка алуусуна жол бербөөгө тийиштигин баса белгилеген.

Египет соту Ахмед Мансурду 2011-жылы Тахрир аянтында бир кишини кыйнаган деген айып менен сыртынан 15 жылга соттогон. Телекомпания да, журналист өзү да бул айыпты четке кагып келет. Египет бийлиги “Ал-Жазира” телеканалын өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылына тилектеш деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG