Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Эштон Картер дүйшөмбүдө Германиянын Мюнстер шаарындагы маалымат жыйынында билдирди. Ал Мюнстерге Германия, Норвегия жана Нидерландынын коргоо министрлери менен жолугушуу үчүн келген. Картердин айтуусунда, АКШ атайын багыттагы күчтөр менен колдоо көрсөтөт, булар чалгындоо каражаттары, транспорттук учактар, истребителдер жана кемеде жайгашкан ракеталар. Associated Press агенттиги билдиргендей, бул чаралар Орусия жана ИМ тобу тарабынан туулуп жаткан коркунучтарга каршы жасалууда.
Мурдараак Берлинде сүйлөгөн сөзүндө Эштон Картер АКШ Орусияны душман көргүсү келбейт деп айткан эле. Ал АКШ өзүнүн союздаштарын жана эл аралык мыйзамдуулукту коргоп жатканына шек болбосун билдирип, “биз Орусиянын Советтер Союзу учурундагы таасирин кайтарып алуусу аракетин жоопсуз калтырбайбыз” деди.
Картер бул жумада Эстонияга барат, андан тышкары Брюсселде өтүүчү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынына катышат.