Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-майда кабыл алынган.
Бул мыйзам менен Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунан үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн айыл чарба жерлерин 20 жылга чейинки мөөнөткө берүү каралган.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)