Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:14

Мугалим айлыгын көбөйтүүгө өкмөт кошумча 2,2 млрд сом бөлүүдө

Быйыл күзүндө мугалимдердин жана тарбиячылардын айлык акысын көбөйтүү үчүн өкмөт кошумча 2 миллиард 2 миллион сом бөлгөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 50% көбөйөт. Мындан тышкары тиешелүү квалификациясы барларга ай сайын кошумча акча төлөнүп турат. Ошондой эле бала бакча, мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын да маянасы 50% көбөйөт.

Кыргызстанда 2207 мектеп бар. Аларда иштеген мугалимдердин саны 74 миң. (RK)

XS
SM
MD
LG