24-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарында кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 27...32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 30…32 градус болот.