Армениянын баш калаасында электр энергиясынын кымбатташына нааразы болгондор эки күндөн бери Баграмян проспектисинде отуруп өткөрүп жатышкан митингди полиция кууп таркатты.
«Азаттыктын» армян кызматынын кабарчысы билдиргендей, полиция пикетчилерге суу бүркөн машинеден суу чачты. Полициянын күч колдонуусунан улам бир нече киши жабыркады, ондогон адам кармалды. Операциянын алдында полиция пикет болуп жаткан жерден журналисттердин чыгып кетүүсүн талап кылган. Ал жерде калган журналисттердин техникасын полиция тартып алган.
“Тонотпойбуз” деп аталган топ уюштурган нааразылык акцияга үч-төрт миңдей киши катышып жатканы айтылат. Пикетчилер 19-июндан бери электр энергиясынын кымбатташына нааразылык билдирүүдө. Уюштуруучулар демонстранттарга борбордук Баграмян көчөсү менен эркин жүрүш жасоого уруксат берүүнү талап кылышкан, полиция бул мыйзамсыз болорун эскерткен эле. Ага карабай алар Эркиндик аянтынан армян президентинин резиденциясы жакка жүрүшка чыгышкан. Полиция өткөрбөй койгондон улам, демонстранттар отуруп нааразылык акциясын улантышкан.
Мурдараак президент Серж Саргсян акциянын катышуучуларынын бир тобу менен жолугушууга макулдугун берип, бирок бул үчүн марш жасоодон баш тартууну талап кылган. Уюштуруучулар буга макул болушкан эмес.
Өткөн аптада Армениянын коомдук тейлөөнү тескөөчү комиссиясы 1- августтан тартып электр энергиясынын баасын 16% көтөрүү чечимин кабыл алган болчу.
Армения Кыргызстан кирген Евразия экономикалык кеңешине мүчө өлкө. (ErN).