Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Пакистандын түштүгүндө ысыктан 450дөн ашык адам каза тапты


Пакистан бийликтери өлкөнүн түштүгүндө ысыктан улам өлгөндөрдүн саны 450дөн ашканын тастыктады. Буга чейин аптаптын курмандыктары болгону 250 экендиги айтылып жаткан. Жергиликтүү бийликтер ооруканаларда өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алышты.

20 миллион калк жашаган Карачи (Синд провинциясы) шаарында абанын температурасы Цельсий боюнча 45 градустан ашты. Эң көп курмандыктар да так ушул шаардан болду.

Карачи шаарындагы ири ооруканалардын биринин дарыгери Семи Жамилдин кабарлашынча, 300гө жакын адам ооруканага жаткырылганын билдирди.

Карачиде калкка энергия жеткирүү үзгүлтүккө учурагандыгы да кырдаалды курчутууда.

Бир ай мурда Пакистан менен чектеш Индияда аномалдык аптаптын айынан эки миңдей киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG