Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Ат-Башыдагы шырдак фестивалына чет элдик коноктор катышат


Нарындын Ат-Башы районунда быйыл өтө турган шырдак фестивалына чет жактан келген коноктор да катышмай болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" райондук администрациядан кабарлашты.

Эл аралык шырдак фестивалы быйыл Ат-Башы жергесинде экинчи жолу уюштурулууда. 28-29-июнда өтө турган иш-чарага даярдык учурда аягына чыгып калды. Бул жолу шырдак менен катар кымыз фестивалы да болот.

Максат - Нарын облусун кыргыз элинин улуттук маданиятынын борборлорунун бири, жүн жана териден жасалуучу кол өнөрчүлүктүн ордосу катары таанытуу. Фестивалга жергиликтүү жана башка аймактардан келген уздар катышып, мастер-класстар өтөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG