Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Ооган аскерлери Чардарини козголоңчулардан кайтарып алды


Ооган бийлиги кабарлагандай, үч күндүк атышуудан кийин өкмөттүк аскерлер Чардари районун талибдерден толугу менен кайтарып алды.

Козголоңчулар түндүктөгү Кундуз провинциясынын Чардари районун 21-июнда басып алышкан эле. Айыгышкан кармаштан кийин 23-июнь күнү талибдерди кайра сүрүп чыгууга жетишкенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо.

Кундуз провинциясынын губернатору Мухаммад Омар Сафи «эртең менен райондун дээрлик баардык аймагын биз ээледик» деди. Сафинин айтымында, атышууда кеминде алты аскер, 85 козголоңчу жана бир жайкын тургун каза тапты.

22-июнда талибдер Кундуздун Дашт-э-Арчи районун да басып алган. Бул район азыркыга дейре алардын көзөмөлүндө калууда.

Апрелде болсо козголоңчулар күтүүсүз чабуул жасап, Кундуз провинциясынын борборуна бастырып кирген. Ооган күчтөрү кайра аларды кууп чыккан.

Былтыр Ооганстандан чет өлкөлүк күчтөр чыгып кеткенден кийин, талибдер өкмөткө каршы аракеттерин масштабдуу түрдө жандантканын адистер белгилешет. “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук акттарды уюштуруусун улантып, бир нече райондорду ээлеп алышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG