Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн "Суу кодексине" сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдүн себебин чечмелеген билдирүү таратты. Анда тиешелүү мыйзам долбоору кендерде жүргүзүлүүчү иштерге көзөмөл орнотуу менен катар «Кумтөр» компаниясынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатын көздөрү айтылган.
"Жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин пикиринде, тоо иштери жана жылып келаткан мөңгү массасын азайтуу боюнча макулдашылган аракеттин жоктугунан улам оор кырдаал түзүлүп турат" деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Кыргыз өкмөтү буга чейин кабарлагандай, Кумтөр алтын кениндеги Давыдов мөңгүсүнүн 60% буга чейин эле башка жакка ташылган. Эми калган 40% ташууну мыйзамдаштыруу керек.
Бирок Жогорку Кеңеш депутаттары жана экологдор өкмөт сунуштагандай "Суу кодексине" өзгөртүү киргизиле турган болсо Давыдовдон башка мөңгүлөрдү да жылдырууга жол ачылышы ыктымал деп кооптонууда. (RK)