Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Киев террорчулукка шектелген казакстандыкты Астанага өткөрүп берди


Украинанын коопсуздук кызматы билдиргендей, «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү деп шектелген жаранды Украина Казакстанга экстрадициялады. УККнын маалыматына ылайык, бул жаран Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн. Ал Казакстан аймагындагы бир нече оор кылмыштарга жана террорчул аракеттерге шектелүүдө.

- Кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын жараны Түркия аркылуу Сирияга барып, «Ислам мамлекетине» кошулган. Ал бир нече согуштарга катышканы жана бул кыймылдын бир структурасын башкарганы аныкталды, - деп кабарлайт украин атайын кызматы.

УКК кабарлагандай, казакстандык жаран 22-июнда чет элдик атайын кызматтар менен биргеликте кармалган. Аны менен кошо дагы 4 жаран - эки орусиялык, бир тажикстандык жана бир өзбекстандык колго түшкөн.

Казакстандын Башкы прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук комитети бул боюнча комментарий бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG