Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Өкмөт "Суу кодекси" боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды


Өкмөт "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүүнү сунуштап демилгелеген мыйзам долбоорун парламенттен кайра артка чакыртып алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мүчөсү, депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Бүгүн парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиясы "Центерра" алтынды жер астынан казып алуусу керек деген талабын коюп, бул үчүн күрөштү аягына чейин жүргүзөрүн айткан болчу.

Текебаев азыркы өкмөттүн Кумтөр боюнча позициясы Темир Сариев өзү жетектеген 2012-жылдагы мамлекеттик комиссиянын корутундусуна каршы келерин билдирген.

Ошондой эле, анын пикиринде, "Суу кодексине" өкмөт сунуштап жаткан мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген өзгөрүү киргизилсе, Кыргызстан келечекте экологиялык катастрофага учурап, Давыдов мөңгүсүнөн башка мөңгүлөрдү да жылдырууга, "Центерранын" буга чейин келтирген экологиялык зыяны үчүн жоопкерчиликтен кутулуп кетишине жол ачылат.

"Ата-Мекен" жетекчисинин билдирүүсүнөн көп өтпөй өкмөт өз демилгесин "кендерде жүргүзүлүүчү иштерге көзөмөл орнотуу менен катар «Кумтөр» компаниясынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатын көздөрүн" айткан болчу. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG