Венгер өкмөтүнүн басма сөз катчысы бул качкындарга башпаанек берүү системасы толуп калганына байланыштуу болгонун билдирди.
1990-жылдары иштелип чыккан Дублин эрежесине байланыштуу Евробиримдиктен башпаанек алууну каалаган качкындар кайсы чек арадан өткөн болсо, ошол өлкөгө кайтарылууга тийиш. Быйыл Мажарстандын Сербия менен чек арасынан 60 миңден ашуун качкын кирген.
Еврокомиссия венгер өкмөтүнөн бул чечимин негиздеп берүүсүн сурады. Будапешт өз кезегинде бул “техникалык” себептерден улам болуп жатканын айтып, канча убакытка созулары белгисиз экенин айтты.
Мурдараак Венгрия Сербия менен чек арасын бийик дубал менен тосуу ниетин билдирип, бул Африка жана Жакынкы Чыгыштан келип жаткан мыйзамсыз миграцияны токтотуу аракети деп белгилеген.
Бул жумада Евробиримдик Жакынкы Чыгыштагы согуштук жаңжалдардан жана Африкадан качып келип жаткан мигранттар агымы тууралуу маселени карайт.