Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Үркүн боюнча коомдук комиссия бийликке сунуштарын айтты


1916-жылкы Үркүндү иликтөө үчүн түзүлгөн саясий-коомдук комиссия бүгүн билдирүү таратып, бийликке өз сунуштарын айтты.

Комиссиянын пикиринде, Үркүндүн 100 жылдыгын 2016-жылдын 11-августунда өткөрүү керек, себеби дал ушул күнү, 1931-жылы Кыргыз АССРнин өкмөт башчысы Жусуп Абдрахманов 1916-жылкы окуянын 15 жылдыгын биринчи жолу өкмөттүк деңгээлде Фрунзеде өткөргөн. Ошону менен катар комиссия ал окуянын катышуучулары болгон, изилдеген айрым акын-жазуучу, саясатчы, окумуштуулардын чыгармаларын өзүнчө жыйнак кылып чыгарууну, быйыл 1-сентябрдан тарта окуу жайларда, мектептерде ал жыйнактын негизинде кошумча саат өткөрүүнү максатка ылайык деп эсептейт.

Президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн тарыхчы окумуштуулар тобу Улуттук Илимдер академиясы менен бирге 1916-жылкы окуя боюнча ушул күнгө чейин жазылган эмгектердин корутунду бөлүктөрүнөн атайын жыйнак кылып чыгаруу сунушу да айтылды.

Ошондой эле комиссия өкмөт менен бирге иш алып барууга көмөк көрсөтүү үчүн өз өкүлдөрүн сунуштарын билдирди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев быйыл 27-майда 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын базасында жумушчу топ түзгөн. Өкмөткө Үркүн учурунда ашууларда каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү, эстеликтерди орнотуу тапшырмасы берилген.

Президенттик фонддон жалпысынан 10 миллион сом бөлүнгөн.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG