Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Үркүн боюнча коомдук комиссия 11-августта Барскоондо жыйын өткөрөт


11-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында 1916-жылкы Үркүндү иликтөө боюнча көз каранды эмес саясий-коомдук комиссиянын демилгеси менен элдик курултай өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" комиссиянын жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

Жыйынга жети облустан, саясий-коомдук, эл аралык уюмдардан өкүлдөр чакырылат.

Ушуга байланыштуу комиссия ички иштер министри Мелис Турганбаевге жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевге кайрылып, иш-чаранын тоскоолдуксуз өтүшүн жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылууну өтүндү.

1916-жылдагы окуяга объективдүү тарыхый баа берүү максатында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен быйыл жазында жумуш топ түзүлгөн. Кийинчерээк оппозициялык ишмерлер да өз алдынча көз каранды эмес коомдук-саясий комиссия түзүп, анын жетекчилигине Азимбек Бекназаровду дайындашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG