Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

Сузакта күйдүргү жуктурду деген жаран ооруканага жаткырылды

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында 40 жаштагы жергиликтүү тургун күйдүргү илдетин жуктуруп алган болушу ыктымал деп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Күйдүргүнүн тери формасына шектелген Чаңгыр-Таш айылынын тургуну С.Хамидов учурда райондук аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Анын анализдери лабораториялык изилдөөгө Жалал-Абад шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG