Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ысык-Көлдө эне өз баласын саткан деп шектелүүдө


Ысык-Көл облусунда өз баласын сатып жиберген деп шектелген келиндин окуясы иликтенүүдө. Облустук милициянын маалыматына караганда, 2013-жылы Ак-Суу районунун тургуну 3,5 жаштагы уулун караколдук бир үй-бүлөгө 25 миң сомго сатып жиберген. Наристени сатып алгандар ал келин бала багууга чамасы жок болгонун айтууда.

Учурда милиция териштирүү жүргүзүп жатат, эгер укуктук негиз аныкталса кылмыш иш козголот.

Өткөн аптада Таласта ажырашкан үй-бүлөдө атасы баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар чыккан. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG