Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ереван полициясы митингчилерден жолду бошотууну талап кылды


Армения -- Электр энергиясы кымбатташына каршы акциядан. Ереван, 23-июнь, 2015.
Армения -- Электр энергиясы кымбатташына каршы акциядан. Ереван, 23-июнь, 2015.

Ереван полициясы бүгүн эртең менен электр энергиясы кымбатташына каршы акцияга чыккандардан борбордук Баграмян проспектисин бошотууну талап кылды. Шаардын полиция башчысы Ашот Карапетян болбосо жолду ачуу үчүн чара көрүлөрүн эскертти.

"Тоноого жол жок" деген аталыштагы каршылык акция Ереванда Армениянын коомдук тейлөөнү тескөө боюнча комиссиясы электр энергиясына тарифти көтөргөн соң, 19-июнда башталган.

Кечээ эртең менен полиция акцияда отургандарды күчтөп таратуу учурунда 230 адам кармалып, 25 адам жабыркаган. Арасында полиция кызматкерлери да бар. Прокуратура "Ээн баштык жана коомдук тартипти бузду" деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул күнү кечке жуук демонстранттар Багряман проспектисиндеги акцияны жандантууну чечип, он миңдей адам социалдык тармактар аркылуу ага катышууга даярдыгын билдирген. Кагылышуулардын алдын алуу үчүн мурдагы жана азыркы депутаттар, интеллигенция өкүлдөрү менен маданий ишмерлер полиция менен демонстранттардын ортосун тосууга чыкты.

Бийликтер акыркы убакта нааразы тараптын өкүлдөрүн өлкө президенти Серж Саркисян менен жолуктурууга эки курдай убада кылышкан. Бирок алар андан баш тартып, тарифтин көтөрүлүшүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Шаршембиге караган түнү митингчилер талабын кайталап, бир күн бою премьер-министрдин же парламент спикеринин жообун күтөрүн билдиришти.

Арменияда электр кубатын бөлүштүрүү түйүнүнө Орусиянын Интер РАО компаниясы ээлик кылат. 17-июнда тариф 1-августтан тарта дагы 16 пайызга жогорулай турганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG