Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы 473 мектептин ичинен 37си авариялык абалда. Бул тууралуу облустук Усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Токомбай Турганбаев “Азаттыкка” билдирди.
- Аталган мектептер жыл сайын утурумдук гана оңдоодон өтүп, ишин улантып келүүдө. Быйыл 37 мектеп капиталдык ремонттон өтүүгө тийиш, бирок бул багытта азырынча бюджеттен каражат карала элек, – дейт Токомбаев.
Быйылкы жылы облустагы мектептердин утурумдук оңдоосуна гана республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн. (RsK)