WikiLeaks сайтынын АКШ Франция президенттерин аңдыганы боюнча маалыматтарынан соң президент Франсуа Олланд чукул жыйын өткөрдү. Жыйындан кийин француз өкмөтүнүн өкүлү Стефан Ле Фоль Франция АКШнын француз президенттерин аңдышын союздаштар мамилесине туура келбеген иш деп атаганын айтып чыкты. Өкмөттөгү булактар бул боюнча АКШнын Париждеги элчиси да чакыртылганын кабарлашты.
WikiLeaks сайтынын аңдуу тууралуу маалыматын кечээ кечинде Liberation гезити жана Mediapart сайты жарыялаган. Анда 2006-жылдан 2012-жылдын майын чейин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча агенттиги азыркы президент Франсуа Олланддын жана мурдагы президенттер Николя Саркози менен Жак Ширактын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганы айтылат. Жарыяланган материалдарда бир топ француз чиновниктеринин., анын ичинде президенттин уюлдук телефондорунун номерлери көрсөтүлгөн. Анда глобалдык финансы кризиси, Грекиянын насыя маселеси, Франция президентинин администрациясы менен Германия өкмөтү ортосундагы карым-катыш тууралуу телефон сүйлөшүүлөрү жазылган.
Ак үй бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тартып, америкалык атайын кызматтар АКШ коопсуздугун камсыздоо максатында гана аңдууларды жүргүзөрүн белгиледи.