Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун сапаттуу курулушу үчүн көзөмөлдү күчөтүү максатында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү текшерүү жүргүздү. Толук бүтө элек бул жолдо бир жыл өтпөй Ат-Башы районун бойлоп өтчү же 365-чакырымдан 439-чакырымга чейин төшөлгөн асфальтта 5 сантиметрге чейин жаракалар пайда болгон. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы текшерүү жүргүзгөндөн кийин 7 пункттан турган талаптарды иштеп чыккан.
Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун реабилитациясы 2010-жылы башталган. Жалпы узундугу 539 чакырым. Учурда курулуш иштерин кытайлык “Чайна Роад” компаниясы жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы баасы 438 миллион доллар. Негизги донору – Азия өнүктүрүү банкы. (MiK)