Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Сариев: Калкты газ менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурабайт


Керектөөчүлөр туруктуу түрдө үзгүлтүксүз газ менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн Чүй менен Бишкекти кыдырып, газ түтүктөрүнүн абалы менен таанышып чыккан премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы өлкөнүн газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө 100 миллиард рубль убада кылган, алдыдагы үч жыл аралыгында Бишкек жана Чүй облусун 70% газ менен камсыз кылууну пландап жатат.

Премьер-министр өлкө түштүгүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин “Газпром-Кыргызстан” ишканасы моюнуна алганын, бул багытта бир катар долбоорлор ишке ашаарын кошумчалады.

Сапардын жүрүшүндө Темир Сариев Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газ менен камсыз кылуу үчүн генералдык планды тактоо ишин тездетүүнү шаардык мэрия жана өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG