Орус президенти Владимир Путин мындай тыюу дагы бир жылга узарганын бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда айтты. Бул боюнча жардык бүгүндөн тарта күчүнө кирет. Путин бул чаралар Орусия коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлүп жатканын, эт, сүт азыктарына жана жашылча-жемиштерди ташып келүүгө тыюулар ички өндүрүшчүлөргө жардам берерин айтты.
Орусия АКШ, Евробиримдик,Канада, Австралия жана Норвегиядан азык-түлүк ташууга былтыр августта тыюу салган. Ал Орусия Крымды аннексиялашына байланыштуу Батыш киргизген санкцияларга жооп иретинде жасалган.
Мунун алдында Европа Биримдиги Орусияга каршы былтыр кирген санкцияларды дагы алты айга, кийинки жылдын 31-январына чейин узарткан.
.