Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Киев Януковичке күнөөсүз экенин сотто далилдөөнү сунуштады


Украин президенти Петро Порошенконун администрациясы мурдагы президент Виктор Януковичке Киевге келип, күнөөсүз экенин сот аркылуу далилдөөнү сунуштады. "Эгер Янукович өзүн акмын деп эсептесе ал Украинага келип, күнөөсүз экенин сотто далилдесе болот", - деп жазды твиттерге администрациянын маалымат кызматы.

Мурдагы президент Виктор Янукович мунун алдында Би-Би-Сидеги маегинде Киевдеги былтыркы кан төгүүлөр үчүн жоопкерчиликти четке какпасын, бирок эч качан коопсуздук күчтөрүнө ок атуу тууралуу буйрук бербегенин айткан. Ал ошондой эле 2014-жылдын февралындагы кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти "бийликти басып алууну чечкен радикалдарга" жүктөгөн.

Киевдин борбордук аянтындагы былтыркы тополоңдордо, демонстранттардын жоон тобун полиция кууп таратмак болгондо жүздөн ашуун адам каза тапкан. Андан кийин 23-февралда Янукович өлкөдөн качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан.

Окуялар андан ары Орусия Крымды аннексиялап алышы менен уланып, Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер мамлекеттик мекемелерди ээлей башташы менен коштолгон. Бул өлкөнү жарандык согушка кептеп, тутанган от дале өчө элек. Бул согуш азырга чейин алты жарым миңдей адамдын өмүрүн алып, миллиондон ашуун кишини там-ташын таштап кетүүгө аргасыз кылды.

XS
SM
MD
LG