Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБдин базарларына 2017-жылы чыга алышат


Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн базарына толугу менен 2017-жылы чыгат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын журналисттерге маалымдашынча, бүгүн чек ара ачылса эле, эртең эле Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Орусия менен Казакстандын базарларын ээлей калат деп айтуу туура эмес. Ал эми 2016-жыл өткөөл жыл болот. Азырынча кыргыз өкмөтүнүн алдында техникалык регламенттерди колдонуу жана сапат менеджментин өнүктүрүү милдети турат.

Кыргызстан ЕАЭБге кирүү боюнча дээрлик бардык тепкичтерден өтүп бүттү. Ошентсе да кыргызстандык ишкерлер биримдиктин жергиликтүү өндүрүшкө тийгизүүчү оң жана терс таасирлерин талдап бүтүшө элек. Өткөн аптада ун өндүрүүчүлөр сырттан кирүүчү унга бажы төлөмдөрүнүн алынышы жергиликтүү өндүрүштү аксатарын айтып чыгышкан болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG