Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Copa America-2015: Чили Уругвайды утту


Чили курамасы жалгыз голду майрамдоодо
Чили курамасы жалгыз голду майрамдоодо

Чилиде өтүп жаткан Латын Американын футбол кубогунда чейрек финалдык оюндар башталды. Талаа ээлери Чили Уругвай менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Жалгыз гол Маурисо Ислага жазылды. Оюндун жүрүшүндө Уругвайдын көзгө басар оюнчусу Эдинсон Кавани кызыл карточка алып оюнду аягына чейин ойной албай, команданы алсыратты. Натыйжада Чили курамасы мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып жеңишти илип кетти.

Бүгүн чейрек финалдык оюндар уланып, Боливия Перу менен күч сынашат. Ал эми эртең Аргентина Колумбия менен ойносо ишемби күнү Бразилия Парагвай менен жарым финалга жолдомо алуу үчүн талаага чыгат. (SJu)

XS
SM
MD
LG