Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Каракол зоопаркына саякат

Каракол зоопаркы 1987-жылы түзүлгөн. Союз кулагандан тартып зоопаркты кармап туруу мамлекет үчүн кыйын болуп, 2003-жылы каржылоону биротоло токтоткон. 2003-жылдан тартып зоопаркты Германиянын жаратылышты коргоо союзу толугу менен каржылоого алган. Бирок үч жыл мурун аталган уюм каржылоону токтотуп, учурда айбанаттардын 8 түрүнө гана тамак берүүнү улантып келе жатат. Учурда Караколдогу зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын 34 түрү, жалпыcынан 138 жаныбар жашайт.

XS
SM
MD
LG