Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Ереванда нааразылык акциясы уланууда


Электрдин баасы кымбатташына нааразылык билдирген Армениянын баш калаасындагы акция бүгүн тынч уланууда. Демонстранттар Баграмян аянтында отурган жерлерин тосуп алганына карабай үчүнчү түнү полиция менен кагылыш болгон жок. Шаршембинин түнүндө чыр-чатакты алдын алуу максатында нааразылыкка чыккандарды депутаттар жана артисттер курчоого алып, «тирүү кереге» болуп турушту.

Ереванда чогулган бир нече миң киши электр баасы 16% көтөрүлөт деген чечим жокко чыгарылмайынча аянттан кетпей турганын айтууда. Алар ошондой эле акцияга чыкпагандардын баарын «Армениянын электр тармактарына» эскертүү берүү үчүн кечкисин саат тогуздан онго чейин жарыкты толук өчүрүп турууга үндөшүүдө. Алар бул ыкма тарифти көтөрүү боюнча демилге көтөрүп жаткан аталган ишканага олуттуу зыян алып келет деп ишендирүүдө.

Айрым булактар кабарлагандай, Армениянын президенти Серж Саргсян митингчилердин талабын карап көрүү боюнча чечим кабыл алган. Расмийлер муну тастыктай элек.

Митингди уюштуруучулардын айтымында, Армения полициясынын башчысы Владимир Гаспарян эгер пикет тынчтык формада өтсө «акцияга күч колдонбоо жана таркатпоо» боюнча убадасын берди.

Электр энергиясынын кымбатташына нааразылык иретинде 19-июндан бери Армениянын баш калаасында өтүп жаткан митингди шейшемби күнү полиция суу аттырып таркаткан. 200гө чамалуу киши кармалганы кабарланган.

Нааразылык митинги “Тонотпойбуз” деп аталган жарандык кыймыл тарабынан уюштурулууда. Кечээ ошондой эле нааразылык митинги башка жактарга да кулач жайып, Орусиянын аскер базасы жайгашкан Гюмри шаарында, Ванадзор, Аштарак жана Абовян шаарларында өтүүдө.

Арменияда электр энергиясы 1-августтан тартып 0,015 центтен 1 долларга чейин кымбаттайт деп айтылган. Арменияны электр менен камсыздаган ишкана 2006-жылдан бери Орусиялык “Интер РАО ЕЭС” компаниясына таандык. (ErN)

XS
SM
MD
LG