Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

150 тажикстандык Алтайдын университеттеринде окуу укугун алды


Орусиянын Алтай аймагынан келген делегация Тажикстандын Согди облусунда жумуш менен катар жергиликтүү мектептердин окуучуларын атайын тестирлөө да өткөрдү. Делегациянын башчысы, аймак аралык экономикалык жана маданий катнаштар боюнча агенттиктин башчысы Екатерина Крапивина кабарлагандай, кирүү экзамендеринен тажикстандык 150 бүтүрүүчү жетиштүү балл топтой алды. Алар эми Алтайдын жогорку окуу жайларында окуй алышат. Эң көп балл топтогон бир нече окуучу Алтай крайында акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

Учурда Алтайдын жогорку окуу жайларында 180дей тажикстандык студент билим алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG