Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:18

Парламент акыйкатчыны иштен кетирди


Жогорку Кеңеш бүгүн Бакыт Аманбаевди акыйкатчылык кызматтан кетирди. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко КСДП, "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракцияларынан акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизгенин, бул сунуш комитеттин колдоосуна ээ болгонун айтты.

Бүгүн жалпы жыйында 72 депутаттын 55и макул деп, 17си каршы деп добуш берди.

Бакыт Аманбаев бийлик ага карата саясий чабуул жасап жатканын айтып президенттин бул ишке кийлигишүүсүн суранган. Ал акыйкатчылыкка 2013-жылдын 2-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын 65 добушу менен шайланган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG