Украинанын чыгышында масштабдуу согуштар кайрадан башталышы мүмкүн экенин НАТОнун жетекчиси Йенс Столтенберг бейшемби күнкү Брюсселдеги билдирүүсүндө эскертти. Ал муну менен катар Орусияны Донбасста чатак чыгарып жүргөн жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.
НАТОнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Столтенберг Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу келишими бузулуп жатканын айтты. Анын белгилешинче, Москва жикчилдерге курал жана аскерлерди берүү жагынан дагы деле көмөк көрсөтүп жатат. «Украина менен Орусиянын ортосунда орус аскерлеринин саны да бир кыйлага көбөйдү» деди түндүкатлантикалык альянстын жетекчиси.
Столтенберг белгилегендей, НАТО мурдагыдай эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт жана Крымды мыйзамсыз аннексиялап алган Орусиянын аракетин тааныбайт. Орусия бийликтери Украинанын чыгышындагы окуяларга түздөн-түз аралашканын четке кагып келет.
Соңку айда эле Украинанын чыгышында каза болгондордун саны 60тан ашты. Алардын ичинде жайкын тургундар да, аскер кызматкерлери да бар. Куралдуу жаңжалда өлгөндөрдүн жалпы саны 7 миңге чукулдаган. (ErN)