Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Мамдепартамент: Казакстанда сөз эркиндиги чектелди


Өткөн жылы Казакстанда бийлик сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарын “мыйзамдар, кодулоо, лицензиясын алып коюу, интернетти чектөө жана кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартуу” аркылуу өз таасирин күчөттү.

Журналисттерге жана медиа каражаттарына каршы мамлекеттик аткаминерлердин жалган жалаа жапты деген арыздарынын негизинде бир катар медиа каражаттары жабылса, башкалары өзүн өзү цензуралоого өттү.

Мамдепартаменттин баяндамасында "казак парламенти жаңы кылмыш жана административдик жазык кодекстерин жана эмгек мыйзамын кабыл алды, булар болсо мындан ары сөз эркиндигин, эркин чогулуу жана дин тутуу укуктарын потенциалдуу түрдө чектейт” деп айтылат. Казакстанда адам укуктарын бузуу катары буюртма адам өлтүрүү, камактагыларды кыйноо, мыйзамсыз кармоо, жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү жана бейөкмөт уюмдардын активисттеринин ишмердүүлүгүн чектөө белгиленген.

XS
SM
MD
LG