Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Бишкекке Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 7,5 млн. доллар алынат


Бишкекке троллейбус сатып алуу үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 7,5 млн. доллар алынат. Азырынча борбор калаанын башчылыгы банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, шарттар такталууда. Вице-мэр Геннадий Милицкийдин маалыматы боюнча мунун ичинен 5 млн. доллар насыя түрүндө, калганы кайтарымсыз карыз түрүндө алынат. Бул каражатка мэрия троллейбус паркын толуктамакчы.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан Бишкек мэриясы бир нече жыл мурун да троллейбус сатып алуу үчүн 15 млн. доллар алган. Анын 10 миллиону насыя, калганы грант түрүндө берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG