Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Үркүн курмандыктарына мемориал орнотуу талабы коюлду


Бишкекте Үркүндүн курмандыктарына мемориал орнотуу талабын койгон акция өттү
Бишкекте Үркүндүн курмандыктарына мемориал орнотуу талабын койгон акция өттү

Бишкекте Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын "Түштүк дарбазасында" 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты.

Иш-чарага саясий партиялардын жаштар канаттары, тарыхчылар, студенттер катышты.

1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулган, ал эми тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев быйыл 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын базасында жумушчу топ түзгөн. Өкмөткө Үркүн учурунда ашууларда каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү, эстеликтерди орнотуу тапшырмасы берилген.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG