Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта маңзат менен 113 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Маңзат көзөмөл кызматынын кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайынын жетекчиси Жусуп Сейиталиев билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын дээрлик жарымы Бишкек шаарындагылар. Адистердин айтымында, жылдан жылга маңзат ташып кармалгандардын саны көбөйүүдө. Болжол менен алганда Кыргызстанда жылына 250 адам маңзат менен колго түшүүдө.
1987-жылдан бери бул күнү, 26-июнда бүткүл дүйнө жүзүндө Маңзатка каршы күрөшүү күнү белгиленип келет. (SJu)