Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Путин Обамага телефон чалды


Ак үйдүн маалыматына караганда, Орусия президенти бейшембиде АКШ президенти Барак Обамага телефон чалды. Эки президент Украина чыгышындагы кырдаалды жана радикалдык "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөштү талкуулашты. Бул февралдан бери эки президенттин биринчи жолу түз сүйлөшүүсү.

АКШ администрациясы билдиргендей, орус президенти сөздү Сириядагы ИМ тобуна байланышкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселеден баштады. Обама болсо Москвадан Минск келишиминин алкагындагы милдеттенмелерди аткаруусун күтүп жатканын айтты. Алардын арасында Украина аймагынан орус аскерлерин жана аскер техникасы менен курал-жарактарын чыгаруу да бар.

Президенттер жакын арада АКШ мамкатчысы менен орус тышкы иштер министри жолугушары тууралуу да макулдашты. Анда Жакынкы Чыгыштагы радикалдык топко каршы күрөшүү чаралары талкууланат. Путин менен Обама Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан алты байгер өлкөнүн ортосунда биримдикти колдоо зарылдыгы тууралуу да макулдашты.

XS
SM
MD
LG