Ош шаарында Амир-Темур кичи районунда бала бакча курулду. Ал 95 наристени кабыл алууга даяр экенин "Азаттыкка" мэриядан кабарлашты. Кечээ курулуш иштеринин сапатын шаар башчы Айтмамат Кадырбаев барып текшерди.
Бакчанын ачылышын калаа бийлиги 31-август Эгемендик күнүнө карата пландап жатат. Курулуш иштерине жалпысынан 43 миллион сом сарпталды.
Бала бакчанын жетишсиздиги Кыргызстанда орчундуу социалдык проблемалардын бири. Мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы республика боюнча 85% бакчага барбайт, Ош шаарында бул көрсөткүч 74% түзөт. (YI)