Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

АКШ бир жыныстагылар баш кошуусуна уруксат берди


АКШ -- ЛГБТ активисти Жогорку Сот алдындагы демонстрацияда. Вашингтон, 28-апрель, 2015.
АКШ -- ЛГБТ активисти Жогорку Сот алдындагы демонстрацияда. Вашингтон, 28-апрель, 2015.

АКШ Жогорку Соту бүгүн Кошмо штаттардын бардык жеринде бир жыныстагы түгөйлөр никеге турганга укуктуу экенин жар салды. Эми мындан ары өлкөдө кумсалар менен лесбияндар азырынча 36 штат менен Колумбия округунда никеге тура алышат. Сот чечимине ылайык, калган 14 штатта да бир жыныстагы түгөйлөрдүн никесине салынган тыюулар алынышы керек.

Бул чечим 20 жылдай созулган соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы болду. АКШ президенти Барак Обама да бул чечимди кубаттап, аны теңдикке карай "чоң кадам" деп баалады. "Бүгүн теңчиликке карай биздин жүрүшүбүздө чоң кадам жасалды. Кумсалар менен лесбияндар да эми башкалардай эле никеге туруу укугун алышты", - деп жазды АКШ президенти Твиттердеги өз барагында.

XS
SM
MD
LG