Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

ПАСЕ президенти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине тынчсызданды


Энн Брассёр.
Энн Брассёр.

Европа парламенттер ассамблеясынын президенти Энн Брассёр Кыргызстандын Конституциясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр демократия принциптерине доо кетирерин белгилеп, тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, бул кадам бийликти бөлүштүрүү жараянына жана соттун көз карандысыздыгына коркунуч жаратат.

Ушундай эле пикирди мурдараак Европанын укук аркылуу демократия үчүн комиссиясы, тагыраак айтканда, Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары уюму билдирген эле.

Парламенттеги башкаруучу коалиция менен президенттик аппарат быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат.

Сунушталган өзгөртүүлөр президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын ыйгарым укуктарын кеңейтет. Ошондой эле Конституциялык палатанын статусуна жана судьяларды дайындоого байланыштуу өзгөртүүлөр бар. (SE)

XS
SM
MD
LG